Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин Генералдык директору Мохаммад Эл-Барадейи билдиргенге караганда, ал эртең БУУнун Коопсуздук кеңешинде жасоочу докладда күтүүсүз эч кандай деле жаңылык жок. Билдирүүнү Эл-Барадейи бүгүн Венадан Нью-Йоркко учар алдында жасады.
М. Эл-Барадейи жана БУУнун аскерий инпекциясынын башчысы Х. Бликс эртең Коопсуздук кеңешинде Ирактын ядролук, биологиялык жана химиялык куралдарын текшерүүнүн жүрүшү боюнча доклад жасашат.
М.Эл-Барадейи кабарчылар үчүн жасаган билдирүүсүндө, каруу жарак инпекторлору текшерүүнү саясатка аралаштырбастан калыс жүргүзүшүп, маселенин техникалык жагына гана көңүл бөлүшкөн деди.