Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:54

Т. Блэр БУУнун инспекциясына кошумча убакыт берүү зарыл дейт


Ирак өкмөтү БУУнун инспекторлору менен кызматташса, эксперттерге текшерүүгө зарыл убакыт берилгени жөн. Бирок, текшерүү дагы бир нече айга созулуп кетпеши шарт, - деди Британиянын премьер- министри Тони Блэр бүгүн Би-би-си маалымат корпорацияна берген интервьюда.
Т. Блэрдин айтышынча, Ирак инспекторлор менен кызматташпаса, БУУнун 1441-резолюциясыны бузган болот.
Ал бирок эксперттерге канча убакыт берилиш керек экенин так айтпады.
Т. Блэр жума күнү АКШ президенти Жорж Буш менен Кэмп-Девидде кездешип, аскерий эксперттердин дүйшөмбү күнү БУУнун Коопсуздук кеңешинде жасоочу докладынын жыйынтыгы боюнча Иракка каршы кандай чара көрүү маселесин талкуулашат.

XS
SM
MD
LG