Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Нарындан качкан куралдуу аскерлер колго түшүрүлдү


БИШКЕК. 26-январдан 27-январга караган түнү Нарын областындагы аскерий бөлүктөрдүн биринен колундагы куралы менен качкан катардагы жоокерлер Рустам Мамбетаипов жана Жумабек Осмоналиев Каракол шаарында дүйшөмбү күнү кечки саат беш жарымда колго түшүрүлдү. Каракол шаарында куралдуу качкын жоокерлер барымтага алышкан үч адам бошотулду. Барымтадагыларды бошотуу боюнча качкын жоокерлер менен сүйлөшүүлөрдү Ички иштер министрлигинин Ысыккөл областтык башкармалыгынын башчысынын орун басары Капар Эсенкожоев жүргүзгөн. Анын натыйжасында окуя бир да ок атуусуз соңуна чыкты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бузурманкулов билдирди. Анын айтымында, бир жыл кызмат кылган жоокерлердин өз аскер бөлүктөрүн эмне себептен таштап кеткендиги жөнүндө азырынча маалымат жок.

XS
SM
MD
LG