Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:17

Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Москвада


БИШКЕК. 27-январда Кыргызстандын Коргоо министринин биринчи орун басары, Куралдуу Күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Алик Мамыркулов баштаган аскерий делегация Москвага жөнөп кетти. Алик Мамыркулов Москвада Орусиянын Куралдуу Күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Анатолий Квашнин менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мирбек Койлубаев билдирди. Анын айтымында, Москвада эки мамлекеттин аскерий штаб башчылары Кант аба майданын биргелешип пайдалануу жана 2003-жылы штабдар ортосунда кызматташуу боюнча планга кол коюшу күтүлөт. Кыргызстандын аскерий делегациясынын Москвадагы сапары бир жумага созулмакчы.

XS
SM
MD
LG