Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:32

Айрым социологиялык иликтөөлөргө караганда, Бишкектин тургундары президенттин референдум өткөрүү чечимин туура көрөт


БИШКЕК. Бишкек шаарынын социологиялык сурамжылоого катышкан 1028 тургунунун 88,72% «Кыргызстандын президенти 2-февралда референдум өткөрүүнү эң туура белгилеген» деген пикирде. Мындай маалыматты 27-январда борбор тургундарынын арасында сурамжылоо жүргүзгөн Бейөкмөт уюмдар ассоциациясы жарыя кылды. Ал маалыматка караганда, сурамжылангандардын 4,86% гана референдумду өткөрүүгө каршы экендиктерин билдиришкен. Сурамжылангандардын төрттөн үчү «Конституцияга кандай жаңы жоболор киргизилгендигин билебиз» дешсе, 36,5% «ал жаңы жоболор өлкө жарандарынын укугун кеңейтет», 28,1% «демократиялык кайра түзүүлөргө жол ачат», 21,3% «парламенттин маанисин жогорулатат» деген пикирлерин билдиришкен. Болгону 6% «конституциялык реформа эч кандай натыйжа алып келбесин» айтса, 58% «макул» деп добуш берээрин, 80% «азыркы президенттин ордунда калышын жактаарын» билдирген.

XS
SM
MD
LG