Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:05

«Моя столица» гезитинин кезектеги саны чыгаар-чыкпасы арсар


БИШКЕК. ««Моя столица» газетасынын мүлкү менен кошо банктагы акчасы да камакка алынды. Ошого байланыштуу гезиттин кезектеги саны чыгышы күмөн», - деп билдирди дүйшөмбү күнү «Моя столица» газетасынын башкы редактору Александр Ким. Анын айтымында, Ленин райондук соту премьер-министр Николай Танаевдин доо арызын канааттандыруу максатында гезиттин мүлкүн гана камакка алуу тууралуу 20-январда чечим чыгарган. Бирок сот аткаруучу Эрнест Жусупов редакциянын мүлкү менен кошо банк эсебиндеги акчасын да камакка алган. «Бул мыйзамсыз аракетти токтотуш үчүн сот органдарына кайрылабыз», - деп билдирди Александр Ким.

XS
SM
MD
LG