Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Бейөкмөт уюмдар коалициясы бийликтин референдум боюнча айрым аракеттерине нааразылык билдирди


БИШКЕК. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы 27-январда билдирүү таратып, анда мамлекеттик органдар менен алардын өкүлдөрү бейөкмөт уюмдардын жетекчилерине басым көрсөтүп жаткандыгына нааразылык билдирди. Билдирүүдө айтылган маалыматка караганда, азыр бардык жерде «2-февралда референдум өткөрүү максатка ылайык эмес» деген билдирүүгө кол койгон бейөкмөт уюмдардын жетекчилерин коркутуу, расмий бийлик саясатынан башкача ой жүгүрткөн адамдардын жүрөгүнүн үшүн алуу чаралары колдонулууда. «Ушундан улам бир нече бейөкмөт уюмдардын жетекчилери мурдагы көз караштарынан кайткандыгын билдирген тилкаттарды жазып, өз пикирин өздөрү жокко чыгарган интервьюларды мамлекеттик телекөрсөтүүгө берүүгө мажбур болушууда», деп айтылат билдирүүдө. Буга далил катары Ысыккөл областынын Тоң районундагы «Фелт Арт студия» аттуу бейөкмөт уюмдун жана Нарын шаарындагы бир катар бейөкмөт уюмдардын жетекчилерин Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кысымга алгандыгы айтылган.

XS
SM
MD
LG