Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

Ооганстанда БУУнун кызматкерлерине кол салынды


Ооганстандын чыгышындагы текшерип-өткөрүү бекетинде, түнкү кагылышуудан эки коопсуздук кызматкери жана бир карапайым киши окко учту.
Ооган Ислам Пресстин кабарлашына ылайык, кагылышуу Жалалабад шаарынан батыштагы Гара Бава бекетинде, машинада бараткандар чек арачыларга каршылык көрсөткөндөн улам чыкты.
Ошол тушта жете келген Бириккен Улуттар уюумунун Качкындар агенттигинин машинасы окко кабылып, агенттиктин куралданган эки күзөтчүсү ок жеп, ажал тапты. Үчүнчү киши тинтүүгө каршылык көрсөткөндөрдүн бири болуп чыкты.

XS
SM
MD
LG