Индонезиянын вице-президенти Хамза Хаз Жакартада бүгүн жасаган билдирүүсүндө: "АКШ жана анын союздаштары Бириккен Улуттар уюмун урматташы керек",- деди. Ал эми Малайзиянын тышкы иштер министри Сиед Хамид Албар эл аралык коомчулуктун Ирак маселесине көз карашын билмексенге салууну "ашынган кекирейүүчүлүк" деп мүнөздөдү.