Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:25

Кыргызстанга Индиянын тышкы иштер министри келет


БИШКЕК. 30-январда Кыргызстанга Индиянын тышкы иштер министри Яшвант Синг расмий сапар менен келет. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда Яшвант Синг Бишкекте президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушмакчы. Анын иш сапарынын максаты - эл аралык маселелер боюнча пикир алышуу, регионалдык кызматташуу жана соода-экономикалык байланышты чыңдоо. Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки мамлекеттин тышкы иштер министрлери Консулдук Конвенцияга кол коюшат. Индия министринин Кыргызстанга иш сапары 31-январга чейин созулат.

XS
SM
MD
LG