Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Кыргызстанга Бириккен Улуттар Уюмунун атайын миссиясы келмек болду


БИШКЕК. 31-январда Кыргызстанга Бириккен Улуттар Уюмунун атайын миссиясы келет. Бул тууралуу БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Ежи Скуратович президент Аскар Акаев менен 27-январда жолугушканда билдирди. Анын билдирүүсүнө караганда, БУУнун миссиясы Кыргызстандагы шайлоо системасын жакшыртыш үчүн кандай чаралар керек экендигин иликтеп, баа берүү максаты менен келмекчи. Кыргызстандын шайлоо системасын БУУнун атайын долбоорунун чегинде жакшыртууну президент Акаевге БУУнун Башкы катчысы Кофи Аннан Кыргызстанга өткөн жылы октябрь айында келгенде сунуш кылган.

XS
SM
MD
LG