БИШКЕК. «Кыргызстандын бийлигинин мамлекеттик телерадиокомпания аркылуу «оппозиция өкүлдөрү референдум күнү массалык пикет, нааразылык акцияларын өткөрүүгө даярдык көрүп, коомду дестабилдештирүүнү көздөп жатат», деп билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Биз эч кандай нааразылык акциясын өткөрбөйбүз, бирок 2-февралдагы добуш берүүнү катуу көзөмөлгө алып, мониторинг жүргүзөбүз», - деп билдирди шейшембиде референдумга көзөмөл жүргүзүү боюнча коомдук штабдын мүчөсү, Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын лидери Виктор Черноморец. Анын айтымында, референдумга коомдук көзөмөл жүргүзүү боюнча штаб Бишкектеги 208 добуш берүү участогунун ар бирине 2ден 6га чейин байкоочу коет.