Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:48

«Чек арасыз репортерлор» аттуу эл аралык уюм Кыргызстандын жетекчилерине кат жолдоду


БИШКЕК. Баш кеңсеси Францияда жайгашкан «Чек арасыз репортерлор» аттуу эл аралык уюм Кыргызстандын жетекчилерине атайын кат жолдоп, анда Бишкекте, 17-январь күнү кечинде «Моя столица» гезитинин кабарчысы Александра Черныхты токмоктоп кеткен адамдарды тезине табууга чакырды. Аталган уюмдун баш катчысы Роберт Менард президент Аскар Акаевге жолдогон катында «Бул окуяны - Кыргызстандагы сөз эркиндигине, көз карандысыз басма сөзгө жана оппозициячыл топторго жасалган жаңы чабуул деп эсептөөгө болот» деп билдирип, сабагандарды тезинен таап, жазага тартуу зарылдыгын белгиледи.
Ал эми 17-январда, мектептен чыккан үч баласын алып кетип бара жаткан жеринен 30-35-жаштардагы белгисиз эки адамдан таяк жеген Александра Черных бул окуянын себеби тууралуу: «Муну ким жасады билбейм, сабаган адамдарды да билбейм. Анан калса кол салуу бир кызык болду, анткени, мен үч балам менен бараткам. Менин оюмча бул энем жазган макалаларга байланыштуу го. Себеби, ал чуулгандуу макалаларды жазып жатпайбы. Ушундан улам алар энемди коркуталы дешсе керек», - деди. Александра Черных өзүнүн сабалганы тууралуу берилген арызга Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү али эч кандай маалымат бере электигин, ал эми врачтар ага «башынан жабыркап, мээсине доо кеткен» деген диагноз коюшкандыгын билдирди. Александра Черных - «Моя столица» гезитинин саясат бөлүмүнүн башчысы Рина Приживойттун кызы.

XS
SM
MD
LG