Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:07

АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Кыргызстан референдумду эл аралык нормаларга ылайык өткөрүшү керектигин белгиледи


БИШКЕК. Шейшемби күнү Бишкектеги «Хаят» мейманканасында өткөрүлгөн маалымат жыйынында АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Елизабет Жонс айым «Кыргызстан өзүнүн демократиялык бейнесин сактап калыш үчүн референдумду эл аралык нормаларга ылайык өткөрүшү керек», - деп билдирди. Анын айтымында, АКШ баштаган Антитеррордук Коалициянын «Манас» аба майданындагы күчтөрү Ооганстанда тынчтык орногонго чейин турат. «Кыргызстандагы бул аскерлер Иракка коюлушу ыктымал болгон чабуулга катышабы?» деген суроого АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы: ««Манаста» жайгашкан коалиция аскерлеринин вазийпасы башка», - деп жооп берди.

XS
SM
MD
LG