Америкалык командачылыктын өкүлү Рожер Кинг ырастагандай,кагылыштар Кандагардан 25 чакырым жердеги тоо өндүрүндө уланууда. Америкалык атайын күчтөрдүн 200дөй жоокерине 80ге жуук куралдуу лашкер каршылык көрсөтүүдө. Кинг алардын талиптер же алькаидачылар экенин тактаган жок, бирок аскерий кайгоолчулардын маалыматтарында алар мурдагы ооган премьер-министри Гулбидин Хекматиярга жан тарткан Хезб-и-ислами кыймылынын куралдуу отряддары болушу мүмкүн деп айтылууда. Ушул эле күнү Ооганстандын лидери Хамид Карзай мурдагы аскер командири Али Ахмед Жалалинин өлкөнүн ички иштер министри кылып дайындады. Мурдагы министр Вардак башка кызматка которулду.