Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

АКШ Ирактын маселесин 5-февралда ООНдун коопсуздук кеңешине койгону жатат


Вашингтон бул жыйында Ирак куралсыздануу боюнча милдеттенмесин аткарбай жаткандыгын ырастаган чалгындоо маалыматтарын жарыя кылат. Бул тууралуу президент Буш калкка кайрылган кечээки сөзүндө билдирди. Чалгындоо булактарынан, жашыруун жансыздардан жана азыр абакта сурак берип жаткан адамдардан алынган маалыматтар Саддам Хусейн террордук уюмдарга, анын ичинде Аль-Каиданын мүчөлөрүнө жардамдашканын көрсөтөт, деп айтты Буш. Эгер уруш баштоого туура келсе, Буш Кошмо Штаттарынын бардык аскери күч-кубаты жумшала тургандыгын эскертти. Буш ошондой эле Иран менен Түндүк Кореяны да дүйнөгө кооп туудурган режимдер катары атап, Пхеньяндын атомдук опузасы эч кимди коркута албайт деп билдирди. Британиянын парламентинде бүгүн сүйлөгөн сөзүндө премьер-министр Тони Блэр да Ирактын “Аль-Каида” менен алакасы болгонун Лондон жакшы билерин белгиледи.

XS
SM
MD
LG