БИШКЕК. Кыргызстандын илим, маданият, медицина жана искусство тармактарынын 38 атактуу өкүлүнө мамлекеттик сыйлыктар берилди. Ага негиз берген жардыкка президент А. Акаев кол койгондугун 29-январда президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жардыкка ылайык биринчи даражадагы «Манас» ордени менен алты ардагер, экинчи даражадагы «Манас» ордени менен академик Кайып Оторбаев жана үчүнчү даражадагы «Манас» ордени менен 21 адам сыйланды. Ал эми «Данакер» ордени тогуз атактуу адамга ыйгарылды. Сыйлангандардын арасында Бишкектин мэри Медет Керимкулов да бар.
Кыргызстандын илим, маданият, медицина жана искусство өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктар берилди