Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:21

Алматыда Борбордук Азиядагы жаратылышты сактоо жана таза сууну сарамжалдуу пайдалануу маселелери талкууланат


БИШКЕК. 30-31-январда Алматы шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрликтеринин жана экология маселелери боюча эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан жыйын өткөрүлөт. Жыйында Борбордук Азия аймагындагы жаратылышты сактоо жана таза сууну биргелешип, сарамжалдуу пайдалануу маселеси талкууга алынат. Отурумга Кыргызстандын Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министринин орун басары Канат Чыныбаев баштаган делегация катышат. Бул туурасында шаршемби күнү аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Аталган иш-чара Борбордук Азиянын аймактык экология борбору жана Бириккен Улуттар Уюму тарабынан уюштурулууда.

XS
SM
MD
LG