БИШКЕК. 2-февралдагы референдумду өткөрүү боюнча Тышкы иштер министрлигинде түзүлгөн штаб чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчиликтеринин, эл аралык уюмдардын жана чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандык жарандардын арасында маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул туурасында 29-январда өткөн маалымат жыйынында өлкөнүн тышкы иштер министри Аскар Айтматов кабарлады. Анын айтымында, чет мамлекеттерде жашагандыгы тууралуу расмий каттоодон өткөн 3 миң 316 кыргыз жаранынын референдумда добуш бериши үчүн бардык шарттар түзүлүп, шайлоо участкалары даярдалды. Алардын добуш берүү алдындагы суроо–талаптарына жооп бериш үчүн министрликтин миграция департаменти менен консулдук башкармасынын өкүлдөрү Орусиянын Екатеринбург, Казакстандын Алматы шаарларына жөнөп кетишти.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандык жарандар референдумда добуш берчү жайлар даяр