Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

Жалалабадда референдум боюнча үгүт иштери күч алды


ЖАЛАЛАБАД. 29-январда областтын борборунда массалык үгүт иштери күчөдү. «Биз референдумду колдойбуз» деп кыргыз жана орус тилдеринде жазылган кызыл тасмалуу маршруттук таксилер пайда болду. Ушундай эле маанидеги жазуулар областтын борборунда участкалык комиссиялардын алдында жана жүргүнчүлөргө көрүүнө 30 жерге илинди. 5 жаш жигит референдумду кубаттоо чакырыгы менен 5 чакырымга чуркоо уюштурушту. Шаар жетекчилери студенттер менен жолугушууда оппозициячыл саясатчылардын тилине кирбегенге үндөп, 2-февралда берилүүчү бюллетендеги «жок» деген сөздү өздөрү да чийип салышаарын үлгү иретинде айтып өтүштү.

XS
SM
MD
LG