НАРЫН. «Нарын областынын Атбашы районунун калкы Конституциянын жаңы редакциясы менен толук тааныш эмес экен»,- деп 29-январда референдумга көзөмөл жүргүзүү боюнча саясий партиялар менен коомдук уюмдар түзгөн республикалык коомдук штабдын мүчөсү Турсунбек Акун «Азаттык» радиосуна Атбашы районунан кабарлады. Анын айтымында, мындай пикир 28-январда Атбашы районундагы Башкайыңды, Ачакайыңды, Большевик айылдарынын, 29-январда Акмоюн, Бирлик айылдарынын тургундары менен жолугушуудан кийин пайда болду. «Жолугушууларга бийлик тарабынан эч кандай тоскоолдук болгон жери жок, бирок, бардык жерде бизди эки машинага түшкөн адамдар аңдып жүрүшөт», - деди Турсунбек Акун. Ал 2-февралда боло турган референдумга байкоо салыш үчүн бардык шайлоо участкаларына «Арнамыс», «Ата мекен», «Кайран эл» жана «КДК» партияларынын бирден өкүлү коюлуп жаткандыгын кабарлады.
Референдумга көзөмөл жүргүзүү боюнча республикалык коомдук штаб өз байкоочуларын дайындоодо