Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Кыргызстан Ирак боюнча өз мамилесин өзгөртпөйт


БИШКЕК. Кыргызстан «АКШ менен Ирактын ортосундагы таймаш дипломатиялык жол менен чечилүүгө тийиш» деген мамилесин өзгөрткөн жери жок. Бул тууралуу 29-январда тышкы иштер министри Аскар Айтматов билдирди. Анын айтымында, АКШ да, Ирак да БУУнун Коопсуздук Кеңеши кабыл алган чечимге ылайык аракеттенсе, абалды саясий жол менен жөнгө салууга зор мүмкүнчүлүк бар. Ал эми министрликтин Чыгыш мамлекеттер башкармалыгынын башчысы Жээнбек Кулубаевден ушул күнү алынган маалыматка караганда, министрлик Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга атайын кат жөнөтүп, анда Ирактын аймагы аркылуу Сауд Арабиясына ажылыкка автобус менен бара турган миңге чукул кыргыз жаранынын коопсуздугу үчүн башка жолду караштырууну сунуш кылды. Анткени, Кыргызстанда «АКШ Иракка чабуул кое турган болсо, кыргыз жарандарына коркунуч келет» деген кооптонуу бар.

XS
SM
MD
LG