Оппозициячыл аятолла Хоссейн Али Монтазери 1997-жылы өлкөдөгү диний төбөлдөрдүн мамлекеттик амирине каршы чыккан. Бул иши үчүн ал беш жыл үй камагында отурду. Монтазери 1979-жылдагы ислам революциясынын лидери, аятолла Хомейнинин мураскери саналган. Быйыл ал 81 жашта. Ассошейтед пресстин кабарчысына ал бүгүн бийликтердин эч кандай шартына макул болбогондугун, азат болгону үчүн өзүн бир гана жаратканга милдеткер деп эсептей тургандыгын билдирди. Монтазери адилеттикти жана эркиндикти жактаган иш аракеттеринен, анын сөздөрү боюнча, мындан ары да баш тартпайт.