Думанын депутаты Дмитрий Рогозин бул жерде Литванын президенти Роландас Паксас жана премьер-министр Альгирдас Бразаускас менен менен жолугушат. Тараптар калининграддыктар үчүн транзит маселесинде келип чыккан жаңы тоскоолдуктарды жөнгө салуу жолдорун талкуулашат. Литва жакында чек арадагы көзөмөл эрежелерине айрым өзгөртүүлөрдү киргизген эле. Бул Литва аркылуу Россияга каттоодо калининграддыктар үчүн кыйынчылыктарды пайда кылды.