Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:54

Лорд Фрэнк Жадд өзүнүн отставкасы жөнүндөгү маалыматты төгүндөдү


Бул тууралуу бүгүн россиялык маалымат каражаттары кабарлашкан эле. ПАСЕнин Чеченстан боюнча башкы докладчысы Фрэнк Жадд болгону эгер Чеченстанда референдум өткөрүлө турган болсо, анда парламенттик ассамблеянын ага жүктөгөн озуйпасын өткөрүп бере тургандыгын гана ырастаган. Жадд чечен жериндеги жагдай легитимдүү референдум өткөргөнгө мүмкүндүк бербейт деп эсептейт жана аны бир кыйла кийинки мөөнөткө которууну сунуш
кылган. Кечээ ПАСЕ чечен маселеси боюнча резолюция кабыл алып, референдум өткөрүүгө орус бийликтери тийиштүү шарт түзө албай тургандыгын белгилеген, бирок референдумду токтотуу талабын койгон эмес.

XS
SM
MD
LG