Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Кошмо Штаттары дипломатиялык жүйүр консультацияларды баштады


Президент Жорж Буш бүгүн Вашингтондо Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони жана Сауд Аравиясынын тышкы иштер министри Сауд аль-Фейсал менен жолугуп, Ирак проблемасын талкуулайт. Эртең Вашингтонго Британиянын премьер-министри Тони Блэр келет. Бүгүн ал Мадридде Испаниянын өкмөт башчысы Хосе Мария Аснар менен ирак маселесинин айрым өңүттөрүн талкуулап жатат. Ак үйдүн өкүлү Ари Флейшер бүгүн Ирак проблемасын жайчылык жол менен жөнгө салуунун акыркы аптасы башталды деп билдирди. Ирак проблемасы боюнча Кошмо Штаттардын позициясына европалык сегиз өлкө - Британия, Италия, Испания, Португалия, Дания, Венгрия, Польша жана Чехия колдоо билдирди. Алардын биргелешкен билдирүүсү британдык “Таймс” гезитинде жарыяланды. Акыркы маалыматтарга караганда, Албания да Иракка каршы АКШнын аскерий кампаниясына кошулганга даяр. Болгария болсо 150дөй солдат ажыратканы жатат.

XS
SM
MD
LG