Линктер

шейшемби, 17-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:25

«Салам» радиосу уктуруу чөйрөсүн кеңитти


БАТКЕН. Баткен областынын аймагында иштеп жаткан көз карандысыз «Салам» радиосу жаңы жыштыкта чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул, радионун уктурууларын Баткен областынан тышкары Тажикстан менен Өзбекстандын аймагына да таратууга шарт түзөт. Уктуруулардын радиусун кеңитүүгө Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду жана Кыргызстандагы «Эл аралык сабырдуулук үчүн» фонду колдоо көрсөтүп жатышат. Маалымат-музыкалык «Салам» радиосу «Интерньюс-нетуорк» уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен 2001-жылдын апрелинен тарта Баткен областынын аймагында иштеп келатат.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов
XS
SM
MD
LG