Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:26

Кыргызстандын тышкы карызын жоюу анын Эл аралык Валюта Фондунун алдындагы милдеттенмелерин аткарышына байланыштуу


БИШКЕК. Эгерде Кыргызстан жакырчылыкты жою боюнча Эл аралык Валюта Фондунун алдында алган милдеттенмелерин толук аткарса, 2004-жылдын күз айларында Кыргызстан Париж клубуна кирген өлкөлөр алдындагы 449 миллион доллар өлчөмүндөгү карызын толугу менен жоюуга мүмкүнчүлүк алат. Бул тууралуу Кыргызстандын финансы министри Болот Абилдаев шаршемби күнү кечинде журналистер менен жолугушуу учурунда маалымдады. Анын айтымында, буга чейин Париж клубуна кирген он беш мамлекеттин он экиси Кыргызстандын карызын жоюуга макулдук беришти. Учурда Кувейт, Индия, Пакистан мамлекеттери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Болот Абилдаевдин маалыматына караганда, Кыргызстан 2003-жылы 33 миллион доллар өлчөмүндөгү тышкы карызын төлөөнү пландаштырууда.

XS
SM
MD
LG