БИШКЕК. Референдум өткөрүүгө каршы тараптардын тизмесин түзүүдө «Интербилим» борбору өзүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн аракет кылууда. Мындай билдирүүнү бейшембиде Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясы таратты. Ассоциациянын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын айтымында, эгер «Интербилим» борбору «Акипресс» агенттигине берген тизменин чын-төгүнүн расмий маалымдабаса, ассоциация бул маселени сот аркылуу тактоого аракет кылат, анткени тизмеге кирген бейөкмөт уюмдардын бир тобу өз макулдугун бербегендигин маалымдашууда. Бейөкмөт уюмдар ассоциациясы бул маселени «Акипресс» агенттиги «Конституциянын жаңы редакциясы боюнча референдумга «макул» жана «каршы» деген ат менен топтоп жаткан тизмеге байланыштуу көтөрүп чыккан. «Акипресс» «макул» жана «каршы» тараптардын тизмесин Президенттик администрациянын жана «Интербилим» борборунун маалыматтарынын негизинде түзүүдө. 29-январга карата жарыяланган тизмеде референдумду колдогон тараптын саны 144, каршы тараптыкы 159 болгон. Каршы тараптагы тизмеде бейөкмөт уюмдар жана саясий партиялар басымдуулук кылат.