Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:44

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, ЕККУ байкоочуларынын келбей калышы референдумдун легитимдүүлүгүн жокко чыгыры албайт


БИШКЕК. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укугун коргоо бюросунун Кыргызстандагы референдумдун мөөнөтүнүн кыскалыгына тынчсызданышы анын мөөнөтүн жылдырууга негиз болуп бере албайт жана референдумдун легитимдүүлүгүнөн шек туудурбайт. 30-январда тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы ушундай билдирүү таратты. Маалыматка караганда, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун байкоочуларынын келбей калышын референдумдун жүрүшүн эл аралык коомчулуктан жашырып-жабуу жана окчундатуу катары түшүнүү туура эмес. «Конституциялык реформа башталган алты айдан бери эл аралык уюмдар, Кыргызстандагы дипломатиялык корпусу, бейөкмөт уюмдар, саясий партиялар жана маалымат каражаттары үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп жатышат. Мындан тышкары көптөгөн өлкөлөрдүн байкоочулары, Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү референдумдун жүрүшүнө байкоо жүргүзүшөт», деп айтылат тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.

XS
SM
MD
LG