Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:17

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандагы конституциялык реформа боюнча акыркы аракеттерге тынчсыздануусун билдирди


БИШКЕК. Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандагы конституциялык реформанын жүрүшүнө тынчсыздана баштады. АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Ричард Баучердин ушундай мазмундагы билдирүүсүн 30-январда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги таратты. «Биз президенттин адам укуктарын коргоо маселелерин чечүү жана бийлик бутактарынын ичинде тең салмактуулукту сактоо багытында референдумдан кийин өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу оюн жактырабыз» деп айтылат билдирүүдө. Баучер ошондой Кыргызстандын расмий өкүлдөрүнүн жана президент Акаевдин кабатырланткан маселелер боюнча ачык талкуу өткөрүү сунушун жогору баалаган, бирок, акыркы аракеттерди жарандык коомдун өнүгүшүнө залака тийгизген жагдай катары белгилеген.
«Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясынын 13-январда ачыкталган долбоорунда Конституциялык Кеңешменин көптөгөн сунуштары көңүлгө алынбай калган, эл аралык нормаларга төп келбеген бир катар жоболор киргизилген. Бул президенттик бийликтин чыңдалышына, жарандык коомдун алсырашына алып келет. Мындай мамиле конституциялык реформа жараянына олуттуу доо кетирет», деп айтылат Ричард Баучердин билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG