Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Эл аралык уюмдар Кыргызстандагы айрым жагдайларга тынчсызданууда


БИШКЕК. 30-январда Адам укуктары боюнча федерация жана Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюм Кыргызстандагы элдик референдумга байланыштуу президент А. Акаевге кайрылуу жолдошту. Кайрылуу ээлери, өлкөдөгү айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү конституциялык реформаны кийинки мөөнөткө жылдыруу тууралуу кайрылуу жасагандан кийин коопсуздук кызматы тарабынан куугунтукка учурап жаткандыгына тынчсыздангандыгын билдиришкен. Ошондой эле алар кыргыз бийлигин Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын Адам укуктары боюнча декларациясын так аткарып, өлкөдөгү ар бир адамдын коопсуздугун камсыз кылууга чакырган.
Быйыл 27-январда «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы билдирүү таратып, жергиликтүү бийлик органдары аталган уюмдун жер-жердеги өкүлдөрүн элдик референдумду кийинкиге жылдыруу демилгесине кол койгондугу үчүн куугунтукка алып жаткандыгын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG