Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:22

Референдумга көз салуу боюнча коомдук штаб билдирүү таратты


БИШКЕК. «Учурда аткаруу бийлик өкүлдөрү үймө-үй кыдырып Борбордук Шайлоо комиссиясы тарабынан басылган Конституциянын жаңы долбоорун шайлоочуларга таратууда. Коомчулукка таратылган Конституциянын мындай редакциясында президент Аскар Акаевдин 23-январдагы жардыгында белгиленген кошумча өзгөртүүлөр камтылган эмес. Бийликтин мындай аракеттери кыргыз коомчулугунун нааразылыктарын жаратып, элдин бийликке болгон ишенимин кетирүүдө». Элдик референдумга көзөмөл жүргүзүү боюнча түзүлгөн коомдук штаб бейшемби күнү ушундай маанидеги билдирүү таратты. Билдирүү ээлери, «аткаруу бийлигинин коомчулукка болгон мындай кайдыгер мамилеси анын Конституциянын кандай долбоору менен болсо да элдик референдумда жетишээрлик добуш топтоого болгон аракеттерин дагы бир жолу айгинелейт» деп жазышкан.

XS
SM
MD
LG