Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:56

Лондондо А.Закаевдин ишин кароо улантылды


Жума күнү Британияда чечен сепаратисттеринин расмий өкүлү Ахмед Закаевди Орусияга өткөрүп берүү маселесин караган сот жандантылды. Бирок, Лондондук сот Москва жөнөткөн жаңы документтерди изилдеп чыгыш үчүн ишти кароону 14-февралга жылдырды. Москва Закаевге эл аралык террорчулар менен байланышы бар, адамдарды барымтага алуу, өлтүрүүгө катышы бар деген айыптарды тагып, аны өткөрүп берүү талабы менен Британияга кайрылган. Закаев өзүнө тагылган айыптардын баарынан баш тартууда. Былтыр Орусия Закаевди кармап берүүнү өтүнүп, Данияга да кайрылган болчу, бирок Копенгаген Москва чечен сепаратисттеринин өкүлүнүн күнөөсүн далилдей алган жок деп, аны бошотуп жиберген. Ошондон кийин Закаев Даниядан Лондонго барган.

XS
SM
MD
LG