Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Астана Ташкенге Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсүн өткөрүп берди


Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети өзбек бийликтерине 99-жылкы Ташкендеги жардырууларды уюштурган деп шектелген бейрасмий Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсүн өткөрүп берди. Коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, 23 жаштагы өзбек жараны Мирзахид Хожаевге Өзбекстандын Башкы прокуратурасы мурда эле издөө салган. 99-жылдын февраль айында Ташкенде президент И.Каримовго каршы уюшулган жардыруулар 16 адамдын өмүрүн кыйып, дагы 100дөн ашуун киши жарадар болушкан.

XS
SM
MD
LG