Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

Түркия Иракта согуш башталса, НАТОго үмүт кылат


Анкаранын расмий өкүлү эгерде Ирак Түркияга каршы чабуул кое турган болсо, НАТОго мүчө өлкөлөрдү Түркиянын чек араларын коргоого үндөдү. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Ясар Якиш бүгүн Анкарада Европа Биримдигинин делегациясы менен сүйлөшүү учурунда өтүндү. Жолугушууда 3 маселе: Түркиянын Евробиримдикке кошулуу аракеттери, Кипрдеги биригүү жараяны жана Ирактагы ыктымал согуш тууралуу сөз болуп, негизги көңүл Ирак кризисине бурулду. Европа Биримдигинин делегациясын Анкарага Греция менен Италиянын тышкы иштер министрлери баштап барышкан. Түркия Германия жана Франциядай эле, Ирактагы согушка каршы жана коңшулаш мусулман өлкөлөрү менен бирге ал согушту болтурбоо боюнча дипломатиялык аракеттерди көрүп келет.

XS
SM
MD
LG