Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

МАГАТЭнин жетекчиси ал-Барадейи Түндүк Корея маселесин БУУнун Коопсуздук Кеңеши талдашы керек деген пикирде


Мохамед ал-Барадейи Түндүк Корея өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимди бузгандыктан, маселеге Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши кийлигишүүгө тийиш деп эсептейт. Ал-Барадейинин сөзү боюнча, ал 12-февралда чогула турган Атомдук энергия боюнча агенттиктин атайын жыйынында Түндүк Корея эл аралык келишимди бузгандыгы тууралуу докладды бекитип берүүнү сунуш кылат. Түндүк Корея Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин маселеге кийлигишүүсүнө каршы экенин мурда эле ачык айткан. О.э. жума күнү ИТАР-ТАСС кабарлагандай, Пхеньяндын Москвадагы элчиси Түндүк Корея МАГАТЭнин жыйынына бойкот жарыялаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG