Улуттар уюмунун курал-жарак боюнча башкы инспектору Ханс Бликс Багдад буга чейинки тоскоолдуктардын баарын жойгондо гана, инспекция улантылышы мүмкүн экенин билдирди. Анын алдында инспекторлор менен иштешкен Багдаддык топтун башчысы, генерал Хоссам Мохамед Амин Ирак инспекциянын башчылары менен сүйлөшүүгө даяр экенин маалымдаган:
- Биз Ирак президентинин кеңешчиси, генерал Амир ал-Саадинин атынан Ханс Бликс мырза менен ал-Барадейи мырзаны 10-февралга чейин Иракка келип, жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү өткөрүүгө чакырган кат жөнөткөнбүз. Ал техникалык сүйлөшүүлөрдө эл аралык инспекторлор менен кызматташуунун бардык жагдайлары талкууланмак.
Жума күнү Вашингтондун чет жагындагы Кэмп Дэвид резиденциясында Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш менен Британиянын премьери Тони Блэр жолугушуп, Ирак кризисин жана ага каршы ыктымал аскердик пландарды талкуулашты. Президент Буш бейшембиде Иракты куралсыздандыруу аракеттери бир нече ай эмес, жакынкы апталар ичинде аяктаарын эскертип, Саддам Хусейн жана анын жакынкы шакирттери чет мамлекетке сүргүнгө кетсе, чатак тынч жол менен чечилмек деп билдирген.