Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Каракулжада депутат Азимбек Бекназаровду президенттикке көрсөтүү сунушу айтылды


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, «Эрк» партиясынын башчысынын милдетин аткаруучу Бектур Асановдун 31-январда «Азаттык» радиосуна берген кабарына караганда, Үчүнчү Элдик Курултайдын экинчи этабы апрель айынын башында Каракулжа районунда өтүшү ыктымал. Мындай сунуш 30-январда референдум өткөрүүнү көзөмөлдөө боюнча коомдук штабдын Каракулжа райондук бөлүмүндө болгон жыйында айтылды. Жыйында ошондой эле келерки президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү маселеси да көтөрүлүп, бул маселени Үчүнчү курултайдын күн тартибине киргизүү сунуш кылынды. Депутаттын айтымында жыйынга катышкан каракулжалыктар президенттикке талапкер катары депутат Азимбек Бекназаровду көрсөтүштү. «Мындан тышкары Үсөн Сыдыков, Курманбек Бакиев, Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров өңдүү саясатчылардын да аттары аталды», - деп билдирди Асанов.
«Эл үчүн реформа жана Акаевди кызматтан кетирүү» кыймылынын демилгеси менен Үчүнчү Элдик Курултайдын биринчи этабы Бишкек шаарында жетимишке чукул делегаттын катышуусунда менчик үйдүн короосунда 25-январда өткөн.

XS
SM
MD
LG