Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

Өзбекстанда жайгашкан кыргыз анклавындагы Барак кыштагынын тургундары менен чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын өкүлдөрү жолугушту


ОШ. 20-январда Кыргызстандын өкмөт башчысына жолдогон арызында барактыктар Өзбекстандын чек ара, бажы бекеттеринен жөө өтүш да өтө татаалдап кеткендигин баса белгилөө менен, маселени жеңилдетип берүү жагын суранышкан. Бул жерде транспорт 1997-жылдан бери өтпөйт. Ошол катка байланыштуу кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын бөлүм башчысы, чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы Саламат Аламанов баштаган топ Барак кыштагында болуп, азыр бул маселени чечүү, башкача айтканда, Барак кыштагына жол ачуу Өзбекстандын саясатына байланыштуу оор болуп жаткандыгын түшүндүрүштү. Жергиликтүү эл «Кыргызстандын ичиндеги Өзбекстандын Сох анклавында жашаган 40 миңдей тургундарга Кыргызстан өзгөчө катуу жол тартибин орнотуп, транспортун өткөрбөй койгондо, Өзбекстан аргасыз биздин маселебизди чечип берет эле» деген сунуш айтышты. Алар маселе ушундай оор бойдон калса 20-февраль күнү Ошто пикет өткөрөөрүн эскертишти.

XS
SM
MD
LG