Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Кыргызстан менен Индиянын ортосунда Консулдук конвенцияга кол коюлду


БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана Индиянын тышкы иштер министри Жасвант Сингх бейшемби күнү кечинде жолугушкан соң эки өлкөнүн ортосундагы Консулдук конвенцияга кол коюшту. Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун айтымында, мындай документ жарандардын виза алуу маселесин жеңилдетип, өлкө аралык карым-катнаштын жакшырышына өбөлгө түзөт. Ал эми жума күнү Индиянын тышкы иштер министри президент Аскар Акаев, өкмөт башчысы Николай Танаев, коргоо министри Эсен Топоев менен жолугушту. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ал мамлекет башчысы менен жолугушкан учурда эки өлкөнүн ортосундагы социалдык-экономикалык, аскердик мамилелердин өнүгүшү талкууга алынды. Ушул эле күнү Жасвант Сингх Казакстанга учуп кетти.

XS
SM
MD
LG