ЖАЛАЛАБАД. 31-январда Жалалабад областынын коомчулугу референдумду колдоо максатында массалык чуркоо иш чарасына катышты. Областтык спорт жана туризм комитетинин билдирүүсүнө караганда, дубан борборундагы 9 жогорку окуу жайынын студенттерин, 19 орто мектептин окуучуларын жана 60 жаштан ашкан 6 ардагерди кошкондо ага 2 миң адам катышты. Ал эми байкоочулардын болжолунда алардын саны 600 чамалаш болду. Ардагерлер иш-чаранын башталышында жаштарга референдумдун маанисин түшүндүрүшүп, өлкөнүн келечеги үчүн референдумга толук катышууга чакырышып, бир чакырым жүгүрүштү. 2 чакырым жүгүргөн окуучуларга жана 3 чакырым аралыкта алдыда келген 28 адамга баалуу белектер ыйгарылды.
Жалалабад областынын коомчулугу референдумду колдоо максатында массалык чуркоо иш-чарасына катышты