Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Референдумду көзөмөлдөө боюнча коомдук штаб шайлоо участокторунун ар бирине үчтөн ашык байкоочу коет


БИШКЕК. Референдумду көзөмөлдөө боюнча коомдук штабдын курамындагы саясий партиялар жана коомдук уюмдар ар бир шайлоо участогуна үчтөн бешке чейин байкоочу коет. Негизинен Бишкек, Ош, Карабалта, Токмок шаарларындагы добуш берүүгө көңүл бурулат. Бул тууралуу штабдын башчысы, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев 31-январда өткөргөн маалымат жыйынында кабарлады. Ошондой эле ал штаб элди добуш берүүгө барбаганга, барса каршы добуш берүүгө үндөөнү максат кылаарын белгилеп, демократиялык институттарды жана жарандык коомду референдум учурунда мыйзамдуулуктун сакталышына көз салууга чакырды. Анын айтымында, референдумга даярдыктар мыйзам бузуу менен өтүп жатат. Штаб башчысынын пикиринде, мыйзам боюнча референдумду Борбордук шайлоо комиссиясы уюштурушу керек болсо, иш жүзүндө бул милдетти аткаруу бийлиги өз колуна алууда. Ошондой эле Текебаев «конституциялык реформа саясий консенсуска келүү жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу багытындагы өзүнүн башкы максатына жеткен жок», деп билдирди.

XS
SM
MD
LG