Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Бейөкмөт уюмдар коалициясынын аракеттерин Кыргызстандын ички саясатына чет өлкөлөрдүн кийлигишүүсү катары баалады


БИШКЕК. «Кыргызстандын Шайлоо кодекси боюнча эл аралык уюмдардын же чет өлкөлөрдүн республикадагы шайлоо кампаниясын каржылашына тыюу салынган. Ага карабай учурда «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы ар бирине 150 сомдон берип, референдумга бир нече миңдеген байкоочу жиберүүдө. Мен муну Кыргызстандын ички саясатына чет өлкөлөрдүн кийлигишүүсү катары баалайм», - деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Сулайман Иманбаев жума күнү өткөн маалымат жыйынында. Анын айтымында, учурда Борбордук шайлоо комиссиясы аталган бейөкмөт уюмдар кайсы өлкөдөн акча алып жаткандыгын билип берүүнү өтүнүп, тартип коргоо органдарына кайрылды. Ал эми ушул эле маалымат жыйынында президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков «учурда оппозиция өкүлдөрү республиканын жер жерлеринде элдик референдумдун өткөрүлүшүнө каршы ар түрдүү баракчаларды таркатууда» деп оппозиция өкүлдөрүн айыптады. Анын айтымында, мындай баракчалар Бишкек жана Ош шаарларынан табылган.

XS
SM
MD
LG