Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги алдыдагы референдум боюнча АКШнын тынчсыздануусун колдобой тургандыгын билдирди


БИШКЕК. 31-январда Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2-февралда өтө турган референдумга байланыштуу кабатырланган билдирүүсүнө жооп берди. «Биз америкалык досторубуздун пикирине кунт коюп, урматтап мамиле кылабыз, бирок, аталган маселе боюнча алардын тынчсызданышына макул боло албайбыз. Кыргызстандагы конституциялык реформа жана Конституциянын жаңы редакциясына байланыштуу алдыдагы референдум боюнча чет өлкөлүк досторубуздун тынчсызданышына негиз жок. Конституциянын жоболору эл аралык стандарттарга дал келет, жаңы редакция жарандык коомго эч бир залакасын тийгизбейт жана алсыратпайт. Тескерисинче, эл колдоп берсе, Конституциянын жаңы редакциясы аркылуу өлкө демократиялык өнүгүүнүн жаңы этабына чыгат», деп айтылат тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө. Тышкы иштер министрлиги ошондой эле жаңы долбоордун өзгөчөлүгү - адам укуктарына маани берилгендигинде экенин баса көрсөтүп, өлкө президенттик-парламенттик башкарууга өтүү менен президенттин укуктары азайгандыгын белгилеген.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Ричард Баучер 29-январда «Конституциянын жаңы редакциясында жарандык коомдун укуктары чектелип, президенттин укуктары кеңейтилген, айрым жоболор эл аралык нормаларга дал келбей калган» деген көз карашын билдирип, АКШ бул боюнча кабатырланып жатканын белгилеген болчу.

XS
SM
MD
LG