Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Грузия абхаз маселесине байланыштуу Орусияны айыптады


Грузиянын Бириккен улуттар уюмундагы элчиси Орусия Абхазия регионун акырындап өзүнө кошуп алууга умтулуп жатат деп айыптады. Улуттар уюмунун Нью-Йорктогу башкеңсесинде өткөн пресс-конференцияда Грузиянын элчиси Реваз Адамия Орусия Грузия менен макулдашпастан, Абхазияда аскери базасын жайгаштырганын жана орусиялык бизнесмендер Абхазияда жерлерди, кыймылсыз мүлк, коомдук жайларды, о.э. табигый ресурстарды сатып алып жатканын тынчсыздана билдирди. Грузин элчиси Москванын Абхазияга карата саясатына Улуттар уюму унчукпай колдоо көрсөтүүдө деп да күнөөлөй кетти. Абхазия 93-жылы 1 жылдан ашуун созулган кандуу согуштан кийин Грузиядан бөлүнүп чыккан жана ошондон тарта аймакта БУУнун чакан бейпилдик күчтөрү жайгаштырылган. Эл аралык аскерлер тобунун Абхазиядагы мандаты ушул бейшембиде дагы жарым жылга узартылды.

XS
SM
MD
LG