Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Дагестанда 9-майдагы терактка катышы бар дагы бир адам камакка алынды


Дагестандын ички иштер органдары Каспийск шаарында былтыр 9-майда Жеңиш күнүнө карата парад учурундагы жардырууну уюштурган деп шектелген адамды колго түшүрүштү. Ал күнкү жардыруудан парадга келген көбү улгайып калган 45 киши курман болуп, дагы 100дөн ашуун адам жараат алышкан. Дагестандын ички иштер министрлиги ошол терактка катышы бар деп шектелген Магомед Абасиловду камакка алуу учурунда, Хасавюрт калаасындагы анын үйүнөн көптөгөн жасалма жардыргыч заттар, граната, миналар табылганын кабарлады. Абасилов Каспийсктеги терактка байланыштуу камалган 5-адам.

XS
SM
MD
LG