Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Сталинград казатынын бүтүшүнө бүгүн 60 жыл толууда


Сталинград үчүн согуштагы Советтик армиянын жеңиши Орусияда бүгүн аскердик параддар жана чиркөө тааты менен белгиленүүдө.
Мындан туура 60 жыл илгери Советтик армия нацисттик Германиянын чыгышка жылышын биротоло токтоткон эле. Экинчи Дүйнөлүк согуштун багытын тескери бурган Сталинград казатында Германиянын жоготуусу 250 миң аскер болгон; мындан төрт эсе көп, же бир миллиондой советтик аскер ажал тапкан.
Волгоград шаарында бүгүн сампарлап жааган карда, аскердик академиянын жана студенттердин катарында согуш ардагерлери парадга чыгышты, парадды көргөнү 800 чакты киши келди. Алар 1942-43-жылдары 200 күн согуш жүргүзгөн 62- жана 64-армиялардын байрактарын көтөрүштү.

XS
SM
MD
LG