Маскөөдө жүздөгөн киши Чеченстандагы согушка каршы демонстрация өткөрдү. Уюштуруучулардын ырастоосунда, Пушкин аянтындагы кечээки акцияга 1 миң киши келди, полиция 500 киши катышканын айтууда.
Демонстранттар согушту токтотуу үчүн, президент Владимир Путинди чечен сеператисттери менен сүйлөшүү жүргүзүүгө чакырышты. Алар ошондой эле 23-мартка белгиленген Чеченстандагы жаңы конституция боюнча референдумду кийинкиге калтырууга чакырышты.
Көптөгөн эл аралык байкоочулар козголоңчулардын федералдык күчтөр менен кагылышуулары токтой элек шартта референдум уюштуруу эрте экендигин айтышкан. Бирок Путин ушул жумада референдум өткөрүлө берээрин билдирди.