Аксы районунун № 333-Жаңыжол, №335-Койташ шайлоо участокторундагы карапайым элдин өкүлдөрү референдумга баруудан баш тартышууда. Бул тууралуу Аксы окуясында жабыр тарткандарды коргоо коомдук комитетинин башчысы Кубанычбек Маматкеримов:«Койташ участогунда 624 шайлоочу бар. Күндүзгү саат үч жарымга жакын алардын ичинен тогуз адам добуш берүүгө келген. Ал эми №333-Жаңыжол шайлоо участогунда 1478 шайлоочудан 135 адам добуш берген. Референдумга добуш бергендердин көбү мамлекеттик мекемелерде иштеген адамдар. Шайлоого карапайым элдин бири да келген жок»,- деп маалымдады Аксы окуясында жабыр тарткандарды коргоо кооомдук комитетинин башчысы Кубанычбек Маматкеримов.
Референдумга көзөмөл кылган адам укуктарынын кыргыз комитетинин мүчөсү Орозбек Балтабаевдин маалыматына караганда, Аксы районунун Каражыгач айылындагы №331- шайлоо участогундагы 1364 шайлоочудан 63, №332- Сыны шайлоо участогундагы 1300 шайлоочудан 40 адам добуш берүүгө катышкан.